Биз менен байланышыңыз

ЖКККББ туристтик сезондо көзөмөлдү күчөтөт

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 102 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жайкы туристтик мезгил учурунда көзөмөлдү күчөтөт.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматынан 34 кызматкер, 14 экипаж жөнөп кетти.

«Мындан ары да Ысык-Көл облусуна чет өлкөдөн келген туристтердин келүүсүнүн санына жараша этап-этабы менен кошумча күч иретинде башка аймактардан Ысык-Көл облусуна тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM