Биз менен байланышыңыз

Wildberries’ке 20 гектар жер: Ишкерлердин күтүүсү жана нааразычылыгы

Коом | 26 Июн 2023 | 1287 | 0

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ири логистикалык борбор куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Инвестиция 8 миллиард рублга чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу аталган интернет-дүкөндүн ээси Татьяна Бакальчук Кыргызстанга жасаган сапары учурунда билдирген.

Бул демилге коомчулукта кайчы пикир жаратты. Айрым ишкерлер логистикалык борбор пайда алып келет дешсе, кээ бирлери тигүү тармагындагы жергиликтүү ишкерлерди алсыратып коёрун айтышат.

Wildberries интернет-дүкөнүнүн ээси Татьяна Бакальчук платформа иштеген өлкөлөрдүн баарына логистикалык борбор курууга аракет кыларын, бул аларга да, жергиликтүү ишкерлерге да жардам берерин маалымдаган.

Кыргызстанда 20 гектар жер тилкесин алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп, анда 100-150 миң чарчы метр аянтты ээлеген логистикалык борбор куруу мерчемделип жатканы белгилүү болду.

Ишкер курулуш тууралуу кеп салып жатып, жер тилке аныкталгандан кийин долбоор чийүү, курулуш ордун даярдоо иштерине жарым жыл, имарат салууга жарым жыл кетерин, баш-аягы 8 млрд рубль сарпталышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ишкер Абдилахат Матраимов Wildberries`тин кампасы ачыла турган болсо, жергиликтүү ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн айтты. Анткени азыркы мезгилде кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарлары Орусиянын кампасына чыгарылып келет, ал эми Кыргызстанда ачылса, сатуулардын көлөмү өсүп, ыңгайлуу болот.

«Мисалы, Орусияда Wildberries`тин 10 ири склады бар. Кайсы складга товар киргизсеңиз, ошол склад канча аймакты камтып бере алса, ошол жерлерге товарлар сатылат дегенди түшүндүрөт. Ал эми элестетсеңер, Кыргызстанга ошондой бир ири склад ачыла турган болсо, минимум Кыргызстан менен Казакстанды тейлеп бере алган склад болот. Демек, биздин ишкерлер өз товарларын дүң гана эмес, чекене соода аркылуу да Кыргызстан, Казакстан жана жакында Өзбекстанга сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Wildberries юридикалык жактан Орусияга карап, КМШ аймагындагы эң ири онлайн соода аянтчасы болуп эсептелет. Ал 2004-жылы түзүлгөн. Башында кыз-келиндердин кийимдерин каталогдон сатуу менен алектенген. Кыргызстанда расмий түрдө 2021-жылдын май айынан тарта ишин баштаган.

Ишкер Рысгүл Акимжанова Кыргызстанда логистикалык борбор куруу демилгесинин терс жана оң жактарын атады. Анын айтымында, эгер борбор соода аянтчасы катары курула турган болсо, анда колдоого алына турган демилге. Анткени жергиликтүү ишкерлердин өндүрүшүн башка өлкөлөргө сатууга бир топ жеңилдиктер жаралмак. Ал эми чет өлкөлүк компаниянын Кыргызстанга өндүрүшчү катары келишинде тобокелдиктер жаралат.

«Wildberries компаниясынын өзүнүн каражаты абдан чоң болгондуктан, булар ири өндүрүш фабрикасын куруу менен кошо биздин чакан жана орто тигүү ишканаларын басып коюшу мүмкүн. Атаандаштыкты монополияга айлантып алышат. Мисалы, өндүрүш процессин алсак, алар ири көлөмдө арзан материал алып келет, тикмечилердин баарын Индия, Бангладештен чакырат. Анткени алар арзан иштешет. Арзан материалдан арзан жумушчу күч менен тигип туруп, анан да өздөрүнүн платформасында сата турган болсо, анда элестеткиле, биздин бардык тигүү тармагын өлтүрүп коюшат».

Маалыматтарга ылайык, чет өлкөлүк логистикалык борбордун курулушуна Чүй облусунан 20 гектар жер бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Тигүү цехтеринин биринин ээси Нуркыз Кожобекова буга чейин 200 жумуш орун түзө турган чакан тигүү цехин ачууну көздөп, өкмөткө жер сурап кайрылганда, «жер жок» деген жоопту бир нече жолу уккан.

Ал чет өлкөлүк ишкерге 20 гектар жер бериле турганын сындап, жерди жергиликтүү ишкерлерге берип, жеңилдетилген насыя бөлсө, пайданын баары Кыргызстанда каларын айтат.

«Кыргызстандын жашоочулары аз, бош жер көп. 100-200 жумуш орундуу чакан ишкана ачам деп, айыл өкмөттөргө жер сурап барсаң «жер жок» деген эле жооп угасың. Негизи жер боюнча биринчи кыргыз ишкерлерди тейлеп, анан бизден артса, чет өлкөлүктөргө берсе болбойбу? Бир гана тигүү цех эмес, башка бизнес ачайын десең деле жер маселесине келип такаласың. Эмнеге анан 20 гектар жерди башкага берейин деп жатышат? Бизге бөлүп берсе, өзүбүз иштетип өнүктүрмөкпүз».

Электрондук коммерция ассоциациясынын маалыматында 2022-жылдын май айынын аягына карай Wildberries`ке Кыргызстандан 2450 ишкер катталганы жазылган. Ал жакта эң көп суроо-талапка кийим-кече, бут кийим, зоологиялык товарлар, идиш-аяк, ашкана буюмдары, ошондой эле косметика жана парфюмерия ээ болгон.

Быйыл беш айда Wildberries Кыргызстанда 5 млрд рублдан ашык (57 млн доллар) өнүмдөрүн саткан.

Copyright © 2017 Maral FM