Connect with us

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 368 | 0

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, II этапта жашаган дарегине карабай, 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

Биринчи этап юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Балдарын электрондук каттоодон өткөрүүдө мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар:

  • Аскер кызматкерлери;
  • Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
  • Мектепте бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлер.

Аталган жарандар көрсөтүлгөн категориялардын биринде экенин тастыктаган маалымкатын тиркөөгө тийиш.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кириши, mektep.edu.gov порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткарышы зарыл.

Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды министрликтин Ютуб-каналынан табууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM