Биз менен байланышыңыз

ТИМ Орусиядагы кыргызстандыктарга кайрылды

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 743 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарга кайрылуу жасап, Орусиянын Украина менен чектеш аймактарындагы кырдаалдын курчушунан улам, ал жакка барбай турууга чакырды.

Министрлик аталган аймактарда жашаган кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоону жана зарыл болгон учурда байланышка чыгуусун өтүнөт.

Ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Эске салсак, Москва шаары жана Москва облусунун аймагында болжолдонуп жаткан террордук актылардын алдын алуу максатында контртеррордук операция режими киргизилди.

Орусиянын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин режим болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында киргизилгенин билдирген.

Буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге кылмыш ишин козгогон. Ал аскердик төңкөрүш жасоого чакырык жасады деп айыпталууда.

Өз кезегинде Пригожин анын жүрүшү аскердик төңкөрүш эмес, акыйкат маршы экенин белгиледи.

Пригожин Орусиянын аскерлери алардын лагерине кол салганын жарыялап, каза болгондор көп экенин айтып чыккан. Жакын арада жооп кайтарарын, Орусиянын коргоо министри Шойгунун ишмердүүлүгү токтотуларын белгилеген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин айткандары чындыкка дал келбей турганын, чагым болуп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM