Биз менен байланышыңыз

Путин Орусиядагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 293 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин «Орусиянын Коргоо министрлиги «Вагнердин» арткы лагерине сокку урду» деген билдирүүсүнөн кийин коомчулукка кайрылуу жасады.

Путин мамлекетти алсыраткан нерсе четке кагылышы керектигин белгилеп, бөлүп-жарган иш-аракеттер өлкөгө жана элге чоң сокку болуп эсептелинерин айткан.

“Орусия туш болгон нерсе чыккынчылык деп бааланат. Мамлекеттин жана өз элине жасалган мындай мамиле 1917-жылы мамлекеттин кулашына алып келген”, — деди Путин.

Буга чейин Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM