Биз менен байланышыңыз

Учурда Ростов шаары Пригожиндин көзөмөлүндө экени айтылууда (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 826 | 0

«Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарындагы түштүк аскер округунун штабында жазылган видеосу жарыяланды.

Видеодо ал коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы көргөзүлгөн.

«Биз штабдабыз. Ростовдун аскердик объектилери, анын ичинде аэродром көзөмөлдөнөт. Башкы штабдын башчысын жана Шойгуну алууну каалайбыз. Алар келмейинчи бул жерде болуп, Ростов шаарын бөгөттөп, Москвага чейин барабыз», — деди Пригожин видеодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM