Биз менен байланышыңыз

Москва шаары жана облустун аймагында контртеррордук операция режими киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 283 | 0

Москва шаары жана Москва облусунун аймагында болжолдонуп жаткан террордук актылардын алдын алуу максатында контртеррордук операция режими киргизилди. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости агенттиги жазды.

Орусиянын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин режим болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында киргизилгенин билдирген.

Буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге кылмыш ишин козгогон. Ал аскердик төңкөрүш жасоого чакырык жасады деп айыпталууда.

Өз кезегинде Пригожин анын жүрүшү аскердик төңкөрүш эмес, акыйкат маршы экенин белгиледи.

Пригожин Орусиянын аскерлери алардын лагерине кол салганын жарыялап, каза болгондор көп экенин айтып чыккан. Жакын арада жооп кайтарарын, Орусиянын коргоо министри Шойгунун ишмердүүлүгү токтотуларын белгилеген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин айткандары чындыкка дал келбей турганын, чагым болуп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM