Биз менен байланышыңыз

«Профсоюздар федерациясы 96 объектини мыйзамсыз сатып жиберген»

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 516 | 0

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын баяндамасы жасалды.

Айта кетсек, бул комиссия 2022-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңештин №341-VII токтому менен түзүлүп, төрагалыгына депутат Шайлообек Атазов бекитилген.

Баяндама жасаган Шайлообек Атазов Кыргызстан профсоюздар федерациясы мүчөлөрдөн түшкөн каражатты каалагандай пайдаланып келишкенин, карамагындагы эс алуу жайлары, имараттар жана башка жайлар кароосуз калганын белгиледи. Ошондой эле 1995-2022-жылдар аралыгында федерациянын карамагындагы 96 объект мыйзамсыз сатылып кеткенин, аларды менчиктештирүүдө «Кадастр» сыяктуу мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо, прокуратура, сот органдарынын да катышы, тиешеси бар экенин маалымдады.

Ишти иликтөөнүн жыйынтыгында депутаттык комиссия төмөнкүдөй корутундуга келишкен:

  • Башкы прокуратурадан 1992-жылдан тартып ушул учурга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу мүлктөрдү саткан жетекчилерге чара көрүүсүн талап кылуу;
  • Убагында ар-кандай себептер менен сатылып кеткен, менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу;
  • Менчиктештирүүгө, сатууга көмөктөшкөн тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге карата чара көрүү;
  • «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды кайрадан иштеп чыгуу;
  • Кыргызстан профсоюздар федерациясынын колдонуусундагы мүлктөрдү Министрлер кабинетине же Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү;
  • Кесиптик кошуундардын тармактык бөлүмдөрүнүн иш-мерчемдерин санариптештирүү, тармак ичиндеги бөлүмдүк жетекчилер арасында кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү.

Жыйында депутаттын суроосуна жооп берген прокуратура органынын өкүлү мыйзамсыз сатылган мүлктөр боюнча 29 иш козголуп, анын үчөө гана сотко жеткенин, андан тышкары прокуратура органдары сотко 34 доо арыз берип, анын 33ү канааттандырылганын билдирди.

Бир катар талкуулардан кийин жалпы депутаттар комиссиянын иши боюнча токтом долбоорун кабыл алып беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM