Биз менен байланышыңыз

Чүй ОИИБ: Сокулуктагы ири өрт боюнча иш козголду

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 281 | 0

Кечээ, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мунай базадан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат 16:11де түшкөн. Алгач төрт күжүрмөн эсеп, эки ыкчам топ тартылган. Алар жетишпей жатканына байланыштуу дагы төрт күжүрмөн эсеп кошумча жөнөтүлгөн. Өрт 18:06да чектөөгө алынып, 19:22де толук өчүрүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 4 адам Сокулук районунун дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкектен дарыгерлер бригадасы комбустиолог менен бирге санитардык тазалоого жөнөтүлгөн.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул фактты Сокулук райондук милициясы маалыматтардын бирдиктүү журналына каттап, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM