Биз менен байланышыңыз

Ош облустук прокуратурасынын иш-аракети менен бир канча жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 316 | 1

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылындагы бала бакча мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталып, прокуратуранын доо арызынын негизинде мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ош облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору А. Мерканов билдирди. 

Аталган бала бакчаны мамлекетке кайтаруу максатында Ноокат райондук прокуратура тарабынан доо арыз берилип, 2022-жылы 11-ноябрда  Ноокат райондук сотунун чечими менен прокуратуранын доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Аталган чечимге прокуратура тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, Ош областтык прокуратурасынын кызматкеринин катышуусунда Ош областтык сотунун ушул жылдын 13-февралындагы чечими менен Ноокат райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, аталган бала бакча жери менен мамлекетке кайтарылды.

Мындан сырткары, Ноокат районунда жайгашкан “М.Гапаров атындагы жатак гимназиясынын тиешелүү болгон 0,10га жер тилкеси турак жай салуу үчүн жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталып, аталган жатак гимназиясынын жер тилкеси да Ош областтык прокуратурасынын кызматкеринин катышуусунда мамлекетке кайтарылды.

Ошондой эле, Ош областынын прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 7 миллион  31 миң  сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.

Тактап айтканда, Ош областынын райондор аралык сотунун 24.01.2014-жылдагы чечими менен А.А. Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынан 0,50 га жер тилкесинин жеке менчик ээси деп табылган.

Аталган чечим Ош областтык прокуратурасынын апелляциялык сунушунун негизинде 24.08.2022-жылы Ош областтык сотунун чечими менен жокко чыгарылган.

Натыйжада, Ош областынын прокуратурасы тарабынан прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 7 миллион  31 миң  сомго бааланган 0,50 га жер тилкеси Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Дагы бир мисал, Ош областынын прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 25 миллиард 836 миллион  641 миң 400  сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине алынды.

Тактап айтканда, Ош областынын Ноокат районунда орун алган 11 145,26 га (он бир миң жүз кырк беш гектар 26 с.)  жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздары алынбагандыгы жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын балансында жок экендиги аныкталган.

Натыйжада, Ош областынын прокуратурасы тарабынан жол берилген  мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 25 миллиард 836 миллион  641 миң 400  сомго бааланган,  11 145,26 га (он бир миң жүз кырк беш гектар 26 с.)  жер тилкеси Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына алынды.

 

 

 

 

 

 

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Замирбек

    22.06.2023 09:49

    Молодцы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM