Биз менен байланышыңыз

Квасьневский баңгизатка каршы күрөштө Кыргызстан натыйжалуу иштеп жатканын билдирди

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 239 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чыгыш жана Борбордук Европа, Борбор Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизатты көзөмөлдөө жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө, көзөмөлдөөдө эл аралык милдеттенмелердин, улуттук стратегиялык документтердин негизинде иштелип чыккан программага, иш-чаралар планына ылайык, тең салмактуу иш алып барарын айтып өттү.

Ал эми Александр Квасьневский баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө Кыргызстан натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар «кызыкчылык туудурган бардык багытта кызматташтыкты өнүктүү боюнча» макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM