Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Эдил Байсаловдун кызмат ордун караганга учур келди

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 592 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 21-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү боюнча жооп берди.

Ал аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок деп эскертип, Эдил Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.

«Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу эскертүү беришин талап кылдым. Бул биринчи жолкусу эмес. Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы керек, бул боюнча президент менен да сүйлөшөм. Керек болсо анын мындан кийинки кызмат орду боюнча маселени караганга да учур келди», — деди төрага Нурланбек Шакиев.

Эдил Байсвалов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 20-июндагы жыйынында депутаттар менен кайым айтышкан. Байсалов министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин айткан.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам боюнча, элдин атынан президент жана депутаттар сүйлөй аларын белгиледи. Ошол эле учурда ар ким өз ыйгарым укугун так аткарын жатканын айтты.

Депутаттар Айбек Осмонов, Эрулан Көкүлов да Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү маселесин кароону сунушташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM