Биз менен байланышыңыз

Үч айда 10 өлүм. Төрөттөн каза тапкан аялдардын маселеси курч бойдон калууда

Коом | 20 Июн 2023 | 364 | 0

2023-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда төрөт учурунда жана кош бойлуу кезинде 10 аял каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарында айтылат. Кээ бирлери муну дарыгерлердин шалаакылыгынан көрсө, дарыгерлер кош бойлуу аялдар ден соолугуна кайдыгер экенин айтышууда. Төрөт учурундагы өлүмдүн себептерин жана аны чечүү жолдорун билүү үчүн адистер эмне дейт?

Үч айда Жалал-Абад облусунда – 4, Чүй, Ош жана Баткен облустарында экиден аял төрөт учурунда көз жумган.

2022-жылы төрөт учурунда жана кош бойлуу кезинде 41 аял каза болгон.

Жыл башында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кыргызстанда былтыр төрөт учурундагы өлүм боюнча жалпы көрсөткүч 1,4%га төмөндөгөнүн билдирген.

Саламаттык сактоо системасынын иши калктын өлүм көрсөткүчүнө карап бааланарын айткан министр былтыркы жыл жакшы болгонун, көрсөткүч туруктуу негизде төмөндөгөнүн, жаш узарганын белгиледи.

Анын айтымында, ымыркайлардын чарчап калуусу 7,1%га азайды, төрөт учурунда каза болгон аялдардын саны ага чейинки жылга салыштырганда 23,4%га төмөндөдү. Ошентсе да төрөт учурунда көз жумган энелердин маселеси курч бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Раиса Асылбашева энелердин төрөттөн каза болушунун себептерин атады. Анын айтымында, өлүмдүн 28%ы аялдардын өнөкөт ооруларынан улам катталат.

«Аялдардын 28%ы төрөт учурунда өздөрүнүн өнөкөт оорулары өтүшүп кеткендиктен каза болуп калып жатат. Андан кийин төрөт үйүнө чынында оор учуру менен келип жатышат. Төрөт учурунда энелердин өлүмүн азайтуу максатында министрлик бир топ жумуштарды алып барууда. Мисалы, балдардын жана энелердин өлүмүн азайтуу үчүн, медициналык кызматтардын сапатын жакшыруу үчүн азыркы учурда ДССУнун долбоору менен иштеп жатабыз. Мындан сырткары медициналык жабдыктарды жаңылап, жаңы протоколдорду иштеп чыгуудабыз».

Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимованын айтымында, кош бойлуу аялдардын көбү ден соолугуна жетиштүү кам көрбөй, кайдыгер мамиле жасагандыктан төрөтү оор болуп, өлүмгө алып келген учурлар көбөйүүдө.

«Баары эмес, бирок кош бойлуулардын көбү сабатсыз болуп жатат. «Кудай берди» деп төрөшөт, ал баласы бир жашка чыга элек туруп, экинчиси боюна бүтүп калат. Өзүнүн каны өтө аз, кан басымы бийик, бөйрөгү ооруйт, башка да оорулары бар, анан бизге келип, «менин деним сак, дени сак бала төрөшүм керек» деп, каттоого турушат. Дарыгер эмне кылып бере алат? Дарыгер дарылоосун жолго салып, эмне кылса болот, болбойт, баарын түшүндүрүп, жүз жолу какшап айтат, ошону «көр тирилик» деп бирин укса, бирин укпайт, айткандарды кылбай жүрө бериши мүмкүн. Анан аягында ушундай кейиштүү учурлар катталып жатат».

Өлкө элинин жарымынан көбү – аялдар, алардын 50% төрөт жашындагылар жана 16%ы 10-19 жаштагылар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти 2050-жылга карата Кыргызстандын калкы 1,3 эсеге көбөйүп, жалпы 8 млн 113 миңге чейин жетерин божомолдоп жатат.

Өлкөнүн төрөт саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүүсү зарыл. Мындай пикирин Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын жетекчиси Арсен Аскеров бидирди. Ал мамлекет тарабынан сектор аралык жардам көрсөтүү абдан маанилүү экенин, керектүү дары-дармек менен камсыздалып, тоскоолдуксуз пайдаланууга жол берилиши керектигин айтат.

«Мисалы кээ бир учурларда ооруканаларда дарылар дефицит болуп калат. Буга чейин «окситоцин» деген дары Бишкекте жана Чүй облусунда бир ай бою жок болуп калган. Бул төрөттөн кыйналган аялдарга өтө керектүү дары болчу. Ал жок болуп калган учурда тобокелчиликтер жогору. Мамлекет тарабынан «Кыргызфармация» ишканасы менен дары-дармектин уюштуруу, тендер маселесин жеңилдетүү, тоскоолдуксуз кылуу өтө маанилүү. Мындан сырткары операцияларда бир жолу колдонуучу каражаттар чет мамлекеттерде көп колдонулат, арзан жана жетиштүү, бизде тилекке каршы, эски материалдар менен колдонуп келе жатышат».

2020-жылы төрөгөн 100 миң энеге 44,1% өлүм туура келген. 2019-жылы бул сан 26,1% эле. Мындай көрсөткүчтөн улам Кыргызстан Чыгыш Европа жана Борбор Азияда эне өлүмү боюнча биринчи орунда туруп жатат. Буга бойдон алдыруу да себеп болууда. Ошондой эле акыркы жылдары энеси төрөт үйүнө таштап кеткен ымыркайлар да көбөйүп, мамлекет үчүн каржылык жоопкерчилик артууда.

Кыргызстанда калктын саны өтө тез көбөйүп, жылына 2,1% деп эсептелген, ар бир аялга төрттөн бала туура келет. Акыркы он жылда төрөт 17%га же 28 миң 105 ымыркайга көбөйдү.

Маселен, 2009-жылы 132 миң 676 ымыркай төрөлсө, 2018-жылы 160 миң 781 бала жарык дүйнөгө келди. Ар бир төрөттүн ортосунда үч жыл тыныккан энелер 19,7%, эки жыл тынгандар 22,7%, ал эми бир жылдын ичинде кайра төрөгөндөр 2018-жылы 9,4% болду.

Copyright © 2017 Maral FM