Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкерлери 23-июнга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 211 | 0

Германия президентинин Кыргызстанга жасаган расмий сапары учурунда милиция кызматкерлери, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги коопсуздукту жана коомдук тартипти бекем сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатат. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, органдардын күчтөрү, каражаттары эсептелип чыкты. Расмий сапар учурунда 2 миңге жакын милиция жана жол көзөмөлдөө кызматкерлери кызмат өтөйт.

«Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-июндан 23-июнга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен келери буга чейин кабарланган.

Кыргызстанга Германиянын президенти расмий сапар менен келет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM