Биз менен байланышыңыз

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 526 | 0

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө ылайык, 20-22-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

20-июнда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM