Биз менен байланышыңыз

20-июнда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 239 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-июнга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM