Биз менен байланышыңыз

Электр самокатты тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 230 | 0

Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө кененирээк Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып берди.

Анын айтымында, акыркы убактарда электр самокатына байланыштуу окуялар көп катталууда. Депутат белгилегендей, буга чейин транспорттун бул түрү болбогондуктан мыйзамда аны кандай колдонуу жазылган эмес. Бирок кырдаал өзгөрдү, андыктан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Бүгүнкү күндө эл өкүлдөрү электр самокаттын жүрүүсүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

«Самокаттын айдоочулары жөө жүргүнчүлөргө жол бербейт, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзам долбоорунда биз негизги учурларды жаздык, «электр самокат деген эмне, алар кайда жүрүшү керек, кандай учурларда унаа жолуна чыга алат, кырсык болгон учурда эмне кылуу керек», ошондой эле «түн ичинде милдеттүү түрдө чагылдыруучу элементтерди колдонуу керек» деген пунктту да киргиздик. Учурда мыйзам долбоорун иштеп чыктык, жакында коомдук талкууга коюлат. Сентябрда кабыл алынып калат деп ойлойм. Ички иштер министрлиги менен бирге иш алып барабыз», — деди депутат.

Маматалиев белгилегендей, электр самокатын тебүүгө эч ким тыюу салбайт, аны колдонуу гана жөнгө салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM