Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үй тибиндеги бакчага 500дөн ашык бала барууда

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 292 | 0

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы үй тибиндеги бакчаларда 500дөн ашык бала тарбияланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

2023-жылдын 15-июнуна карата 997 арыз түшкөн, анын ичинен 779у Бишкек шаарынан келип түшкөн:

  • Ленин району — 461,
  • Биринчи Май району — 235,
  • башкалар — 83.

Окутуу үчүн 350дөн ашык адамды камтыган 30 топ түзүлдү. 487 катышуучу онлайн режимдеги курсту аяктады.

Жыйынтыгында 341 адам сертификат алса, 98 катышуучу жеке ишкер катары каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында ачылууда.

Учурда жеке жактардан «Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары» башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда. Кызыккан жактар үчүн толук маалымат бул жерде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM