Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунан 717 жаран ажылыкка сапар алды

Кыска кабар | 18 Июн 2023 | 98 | 0

18-июнда Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды ажылыкка узатууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Ажылыкка узатуу иш чарасы Кызыл-Кыя шаарында өтүп, ага облус башчысынын орун басарлары, район акимдери, шаар мэрлери жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү менен район-шаарлардын баш имам- хатибдери да катышты.

«Мен ишенем! Сиздер Кыргызстаныбыздын тынчтыгы, өнүгүүсү, элибиздин аманчылыгы, өзгөчө чек арабыздын тынчтыгы үчүн чын дилден бата кыласыздар. Алла Таалам  ажылык амалыңыздарды кабыл кылсын.Чексиз сооптор насип эткен болсун. Буюрса эсен аман барып келип, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө жакшылыктар болсу» – деди Алимбаев.

Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары «Ош» эл аралык аэропортунан Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Арабиясынын Жидда шаарына учушат.

Бул жылы Баткен облусунан 700 адам ажылык сапарына аттанды. Аларды 17 ажы башчы коштоп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM