Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү пляждардын тосмолору алынууда (видео)

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 828 | 0

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын пляждарынын коргон-тосмолору алынууда. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облустук жетекчилик көзөмөлдөгөн бул иштер президенттин жарлыгын ишке ашыруу, облус тургундарынын көл жээгинде эс алуу укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майында «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлык чыгарган. Мамлекет башчысы быйыл да ал жарлыкка бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңылап жарыялаган.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM