Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июнда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.