Биз менен байланышыңыз

Туристтер үчүн 20 миң эскертме буклет даярдалды

Кыска кабар | 18 Июн 2023 | 251 | 0

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклет даярдалды.

Ведомстводон билдиришкендей, буклеттер туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында даярдалды.

Буклеттер «Манас» эл аралык аэропорту, аймактардагы авто бекеттер жана чек аралар чектешкен көзөмөл посттору аркылуу Кыргызстандын аймагына келген туристтерге жана конокторго таратылууда.

Эскертме буклетинде коопсуздук тармагында жол кыймылынын эрежелери, ага салынган айыппулдары жана тийиштүү кызматтардын ыкчам номерлери көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын туристтик ротасы чет тилдерди билген офицердик курамдан түзүлүп, коопсуздуктан сырткары багыт берүү, жол көрсөтүү которуп берүү өңдүү сервердик кызматтарды да аткарышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM