Биз менен байланышыңыз

Президент Аксыдагы аэропортту жаңылоо иштерин көрүп чыкты

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 179 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна жасаган сапары аяктап, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аксыдагы сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кербен шаарындагы «Караван» аэропортун жаңылоо иши менен таанышты.

Президентке «Караван» аэродромунун элементтеринин жасалма бетинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтиле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Акыркы каттам 2007-жылы жасалган.

Учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүнүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM