Connect with us

Репер Моргенштерн Бишкекке келбей турган болду

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 349 | 0

Орусиялык репер Моргенштерн Бишкекке келбей турган болду. Бул тууралуу Alga Fest музыкалык фестивалынын уюштуруучулары «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялашты.

Уюштуруу тобунун мындай чечимге келишине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулунун колу коюлган каршылык кат себеп болгон.

Айта кетсек, Alga Fest ЖЧКсынын музыкалык фестивалы 23-июнда борборубуздагы Bishkek Arena муз аянтында өтмөк. Ага орусиялык репер Алишер Моргенштерн да конок катары чакырылган.

Бул коомдо катуу талкуу жараткан. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, кечээ, 16-июнда депутат Алишер Козуев маданият министри Алтынбек Максүтовго ушул жаатта суроо салган.

Министр бул боюнча уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, имараттын жетекчилигине реперди киргизбөө тапшырмасы берилгенин билдирген.

Эскерте кетсек, Алишер Моргенштернди Орусия Юстиция министрлиги «чет элдик агент» деп жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM