Биз менен байланышыңыз

Ошто мыйзамсыз сакталган 51 миң тоннадан ашуун күйүүчү май табылды (видео)

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 1883 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Ош облусунун Кара-Суу районундагы май куючу жайлардын биринен мыйзамсыз сакталган күйүүчү май табылганын билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо, ташуу, сатуу фактылары, тагыраагы, дизель ташыган унаанын пломбаларын алып салган, цистерналардагы салык органы койгон пломбаларды бузган учурлар аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

Фактынын негизинде салык кызматкерлери жалпы көлөмү 51 миң 893 литр мыйзамсыз күйүүчү майды таап, тартып алышкан. Мунун ичинен унаанын резервуарында 7 миң литр, май куюучу жайлардагы цистернада (пломбалары жулуп алынган) 32 миң 838 литр жана көзөмөл пломбалары жок өзүнчө цистернада 12 миң 55 литр күйүүчү май болгон.

Учурда аталган факты боюнча андан аркы чаралар көрүлүп жатканы, материалдар прокуратурага берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM