Биз менен байланышыңыз

Манас Мураталиев Тогуз-Торо районуна аким болду

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 598 | 0

Мураталиев Манас Манапбекович Тогуз-Торо районуна аким болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, Манас Мураталиев 1983-жылдын 25-январында Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку билимин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигинде алган.

Бул кызматка келгенге чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагында директордун орун басары кызматын аркалаган.

Айта кетсек, Тогуз-Торо районунун ага чейинки акими Мирлан Карагулов 24-майда мамлекет башчысынын жарлыгы менен Базар-Коргон районуна аким болуп которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM