Биз менен байланышыңыз

Бишкекте футболго байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 111 | 0

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган футбол оюнуна байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Стадионго жакын көчөлөр — Тоголок Молдо Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе Тоголок Молдодон Панфиловго чейин саат 16:00дөн баштап футболдук беттеш аяктаганга чейин жабылат.

Бүгүн Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) биринчи турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командасынын оюну өтөт.

Футбол оюну учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек милициясынын 2 миңден ашык кызматкери тартыларын милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM