Биз менен байланышыңыз

Өзүн Ташиевдин уулу катары тааныштырган жаран кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 107 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин атын жамынган жалганчы адам кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Д.С., К.Ж. жана Орусиянын Д.Б. аттуу жарандары акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган «Адилет» аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКга кайрылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык») боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2023-жылдын 13-июнунда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.

Азыркы учурда УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM