Биз менен байланышыңыз

17-июнда кечке маал Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 250 | 0

Ишемби күнү, 17-июнда Бишкектин чыгыш тарабы саат 20:30дан 00:00гө чейин жабылат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 20:00дө калаада жыл сайын өтүүчү KFC Night Run жарышы болот. Жөө күлүктөр өздөрүнүн тандаган аралыгына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жабыла турган көчөлөр:

Валиханов көчөсүнүн чыгыш тарабы — Анкара көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине (түштүктөн түндүккө карай) чейин. Көчөнүн батыш жагы убактылуу эки тараптуу иштеп турат;

Чүй проспектиси — Валихановдон баштап Ауэзов көчөсүнө (батыштан чыгышкан карай) чейин, проспектидеги кыймыл жолдун түндүк жагында убактылуу эки тараптуу болуп турат.

Жарыштын уюштуруучулары 2 миң 500 жөө күлүктү чогултууга ниет кылып жатат. Түшкөн акчанын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM