Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Ош» базарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 134 | 0

Бишкек шаарындагы «Ош» базарында эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мониторингдин жүрүшүндө «Ош» базарына эт жеткирүүчүлөр негизинен Чүй облусунун фермерлери, андан тышкары Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым фермерлери экени аныкталды.

Эт сатуучулардын айтымында, баа мезгилге жараша көтөрүлүп же түшүп турат. Учурда уйдун эти 520-570 сомдон, кой эти 480-580 сомдон сатылууда.

Мекеменин кызматкерлери соодагерлерге жана ташып келүүчүлөргө эттин баасын негизсиз көтөрбөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Мониторинг мындан ары да улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM