Биз менен байланышыңыз

15-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 474 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 15-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20, күндүзгү температурасы 32…34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM