Биз менен байланышыңыз

Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү пара алып кармалды

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 420 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Улук тергөөчү А.А.К. өзү тергеген О.Э. аттуу жарандын Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн пара сураган.

УКМК менен Башкы прокуратура жүргүзгөн операциянын алкагында улук тергөөчү А.А.К. бүгүн, 14-июнда 100 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM