Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери пенсияга 29,6 млрд сом сарпталды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 112 | 0

Кыргызстанда пенсиянын каржыланышы быйылкы жылдын январь-май айына 29 млрд 631,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Облус жана шаарларга 29 млрд 631,6 млн сом төмөнкүдөй бөлүнгөн:

— Бишкек шаары — 4 млрд 722 млн сом;

— Чүй облусу — 4 млрд 456,6 млн сом;

— Нарын облусу — 2 млрд 337 млн сом;

— Ысык-Көл облусу — 2 млрд 692,4 млн сом;

— Талас облусу — 1 млрд 234,4 млн сом;

— Ош шаары — 1 млрд 057,3 млн сом;

— Ош облусу — 5 млрд 457,7 млн сом;

— Баткен облусу — 2 535,6 млн сом;

— Жалал-Абад облусу — 5 млрд 138,2 млн сом.

Пенсиянын каржылануусу 2022-жылдын 5 айында 22 млрд 746,7 млн сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM