Биз менен байланышыңыз

Исаковго кол салуу: Оштун журналисттери Президентке кайрылуу жасашты

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 1348 | 0

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол салуу боюнча Оштогу медиа коомчулук кайрылуу жасашты. Кайрылууну журналист Тургунбай Алдакулов «Фейсбук» баракчасына бөлүштү.

Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровдон ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүшүп, журналистти сабаган «Пансионат Ош» мекемесинин мурдагы директору Маматкерим Койчукуловдун мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылышууда.

«Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы — журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку. Ыдырыс Исаков эркин журналист катары өзүнүн Ютуб-каналы аркылуу ишин жүргүзүп келет. Анын чуу жараткан бул жолку иликтөөсүндө Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жана журналисттик этика сакталган деп эсептейбиз», — деп жазылган кайрылууда.

Кечээ, 12-июнда «Ош» пансионатынын мурдакы директору Маматкерим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн видеосу социалдык тармактарга тараган. Ош милициясы бул боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM