Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы 640 миң салык төлөөчү декларация тапшырган

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 321 | 0

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 640 миң 990 салык төлөөчү, анын ичинен 583 миң 770и электрондук түрдө, 57 миң 220сы жерине барып тапшырган.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 131 миң 322 декларацияга көп.

Декларацияны 52 миң 978 уюм, 197 миң 609 жеке ишкер, 325 миң 740 жеке жак, 64 миң 663 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер берген.

Эскерте кетсек, декларация кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын башынан тарта юридикалык жактар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн 1-апрелге чейин, ал эми жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн 1-майга чейин өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM