Биз менен байланышыңыз

GoBus ишканасы Ысык-Көлгө эки автобус каттамын ачты (графиги, баасы)

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 272 | 0

Ушул жылдын 15-июнунан тарта GoBus автобустары эки каттамда жүрө баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектен «Ысык-Көл Аврора» санаториясына ыңгайлуу автобус менен жетүүгө болот. Ал күн сайын Ысык-Көлгө Бишкектин «Жеңиш» аянтынан эртең мененки саат 8:00дө, ал эми «Аврорадан» Бишкекке саат 18:00дө чыгат. Билет баасы: 500 сом.

Дагы бир каттам Тамчыдагы аэропорт менен «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ортосунда жүрөт. Жүрүү убактысы аэропорттогу каттамдардын графигине байланыштуу болот. Жол кире: 300 сом.

GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же «Манас» аэропортуна билет сатып алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM