Connect with us

Ислам Каримовдун уулу Татьяна Каримованы сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 3489 | 0

26-июнда Ташкенттин Яккасарай райондор аралык сотунда Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримовага байланыштуу жарандык иш каралат. Сот ишиндеги доогер: Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов.

Ташкент шаардык соту жарыялаган маалыматка ылайык, соттошуу мурас талашуудан чыккан.

Бул — Пётр Каримовдун атасы каза болгондон кийин жазып жаткан экинчи доо арызы. Ал «Өзбекстан аба жолдору» улуттук авиакомпаниясында бир канча жыл жогорку кызматта иштеген. Петр Каримов 2018-жылы Москвадагы сот аркылуу жумуш берүүчүдөн өзүнө белгиленген акча каражаттарды өндүрүп берүүнү суранган. Кийинчерээк эки тараптын келишимге келгенине байланыштуу сот иштери токтотулган болчу.

Учурда Пётр Каримов Татьяна Каримованы сотко берип, атасынын мурастарынан өз үлүшүн алууга аракет кылууда. Ислам Каримовдун уулу тууралуу ал каза болгонго чейин эч кандай маалыматтар айтылбай келген. Атасы каза болгондон кийин гана Петр Каримов мурунку президенттин 1960-жылдары алгачкы ирет үйлөнгөн жубайы Наталя Петровна Кучмадан туулган уулу экени расмий ачыкталган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов менен жубайы Татьяна Каримова эки кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу кызы Гүлнара Каримова атасынын доорунда жогору кызматтарды ээлеп, светтик жашоо образында жашаган. Учурда ал бир катар коррупциялык иштерден улам абакта жатат. Кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева азыркы тапта АКШда жашап, атасынын атындагы фондду жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM