Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ош облусунун бажы кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 711 | 0

УКМК тарабынан Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып алып келүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйыл апрель айынан тарта «К.Г.» ЖЧКнын, «Г.Д.» ЖЧКнын, «А.Т.» ЖЧКнын жана «К.Т.» ЖЧКнын өкүлдөрү Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

«Өз кезегинде Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн.

Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын «Ош» Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле Т.Т.Ж. жана А.А.А. компанияларынын өкүлдөрү кармалып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM