Бүгүн, 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Жыйында Куралдуу Күчтөрдүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, стратегиялык жайлардын тизмеси боюнча сунуштар каралат.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Президенттин Баткен, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.
Жыйын саат 10:00дө башталат.