Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы өрт: Жетекчилер шалаакылык боюнча жазага тартылат

Дүйнө | 12 Июн 2023 | 298 | 0

Бүгүн, 12-июнь Казакстанда «Абай облусундагы өрттөн курман болгондорду эскерүүнүн жалпы улуттук аза күтүү күнү» деп жарыяланды. Семей токоюнда 9-июнда чыккан өрт 14 токойчунун өмүрүн алып, тилсиз жоо учурда 60 гектар аянтка жайылды. Токойго жакын жайгашкан үч айыл да катуу жабыркады. Азыркы тапта Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү толук өчүрүүгө ысык аба ырайы менен шамал тоскоолдук кылып жатканын айтууда. Ал ортодо казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык катталган жерге кечээ, 11-июнда келип, тиешелүү жетекчилерди «шалаакылыкка жол берген» деп айыптады. Ал эми жергиликтүү калк жолдун начардыгынан жана жетекчилердин катасынан улам токойчуларга жардам кечиккенин айтышууда.

9-июнда Казакстандын Абай облусундагы Семей токоюнда өрт чыкканы тууралуу кабар тараган. Аталган токойдун 14 кызматкери өрттү өчүрүү үчүн барып, бирок көп өтпөй, алар менен байланыш үзүлгөн. Андан соң дайынсыз деп маалымдалган.

Кечээ, 11-июнда Казакстандын Экология министрлиги өрттүн айынан 14 токойчу жумуш учурунда каза тапканын расмий билдирип, тизмесин жарыялады. Маркумдардын улуусу 63 жашта, кичүүсү 25 жашта, арасында бир аял да болгон.

Казакстандын президенти Токаев кечээ, 11-июнда өрт чыккан жердеги талаа штабына барып, каза болгондордун жакындары менен жолугуп, көңүл айтты.

«Мен бул жерге атайын келдим, сиздер мененмин жана сиздер менен бирге болом. Албетте, өлкө жетекчиси катары буга жоопкерчилик алам, болуп өткөн кайгылуу окуя үчүн кечирим сурайм. Түшүнөм, бул өтө оор. Силер үйдүн тиреги, багуучусу, жакын адамдарыңардан ажырадыңар. Тилекке каршы, жашоодо ушундай окуялар болуп турат экен. Буга актана турган сөз да таба албайсың. Мен дагы бир жолу кайталайм, силерге моралдык жана каржылык жактан сөзсүз жардам көрсөтүлөт».

Каза болгондордун бири Алексей Губаевдин жубайы Татьяна президентке суроо берип жатып, токой чарбасын кароого мамлекет тийиштүү көңүл бурбаганын айтты.

«Эмне үчүн менин жолдошум өрттү өчүрүүгө өзүнүн унаасы менен кетти? Эмне үчүн токой чарбасында кызматтык унаалар жок? Тетиктер жетишсиз? Аларда эч нерсе жок. Менин жолдошум жумуштан кетүү үчүн арыз жазып барса, токой чарбасынын директору кол койбой койду. Мына эми анын арызын көргөн жокпуз деп жатат. Буга токой жетекчилиги күнөөлүү»

Ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев менен жолуккандар Семей токой чарбасына кеткен негизги жол бир да жолу оңдолбогонун айтышып, таштак жолдун айынан өрт өчүрүүчү унаалар өтө жай жүрүп жатканына даттанышты. Дагы бир тургун «президент келет» деген жаңылыктан кийин дароо асфальттоо иштери башталганын да билдирди. Казак президенти маселелерди эске алууга, тиешелүү жетекчилерге чара көрүүгө убада берди.

«Министрлик жана башка тиешелүү органдар тилсиз жоонун масштабы боюнча туура эмес божомол беришкен. Өрт чыккан кезде өтө ыкчамдык менен жеринде өчүрүлүп, же чектөөгө алынышы керек болчу. Жок, андай кылышкан жок. Кылмыштуу шалаакылыкка жол берилди. Прокуратура бул ишти тыкыр иликтеп, баары жазага тартылат». 

10-июнда президент Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, ордуна Сырым Шарипхановду дайындады. Өз милдетин жетиштүү аткарбаганы үчүн Абай районунун акими Нурлан Уранхаевге сөгүш жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өтө кең аянтка жайылганын, ысык аба ырайы менен шамал өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.

Учурда өрт 60 гектар аянтка жайылып кеткен. Өзгөчө коруудагы Семей токой чарбасынын жалпы аянты 654 гектарды түзөт. Былтыр да дал ушул аймакта өрт чыгып, бир канча күндө өчүрүлгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM