Биз менен байланышыңыз

Милиция эс алуу мезгилинде коопсуздукту камсыздоого даяр

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 229 | 0

2023-жылдагы туристтик мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, май айында министрлик тарабынан буйрук чыккан. Ага байланыштуу туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчтөрүнө жана каражаттарына эсептөөлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы.

Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат.

Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM