Биз менен байланышыңыз

12-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Июн 2023 | 209 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM