Биз менен байланышыңыз

Президенттин жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Кыска кабар | 11 Июн 2023 | 109 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда жеңил өнөр тармагы өлкө экономикасынын ажырагыс бөлүгү, жалпы эле өнөр жай тармагынын өнүгүшүн шарттоочу маанилүү тармак экендигин белгилеген.

«Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда жасалган” аттуу бренд Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде таанымал экенин сыймыктануу менен белгилейм. Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуу боюнча дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Ушул сыяктуу тынымсыз жүрүп жаткан сиздердин ишиңиздердин аркасында өлкөбүз бул чөлкөмгө кеңири таанылып, позитивдүү имидж калыптанууда. Соода, кездемелер менен фурнитураларды даярдоо жана сатуу, жабдууларды оңдоо, билим берүү системасы, транспорттук логистика өнүгүүдө. Жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнүн натыйжасында жүз миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болуп, Кыргызстан элинин бакубат жашоосуна шарттар жаралууда», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.”.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM