Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушу тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 148 | 0

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВт көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1125 тирөөч орнотулду жана 186,8 чакырым зымдар тартылды.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВт электр берүү чубалгысынан «Датка» көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM