Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Өзбекстан менен айрым товарларга «жашыл коридор» ачуу сүйлөшүлдү

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 239 | 0

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен кездешти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелер талкууланды. Айрыкча товар экспорттоо, импорттоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытына көбүрөөк токтолушуп, элчи Жаманбаев Өзбекстан тарапка кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүүнү, тез бузула турган азыктарга «жашыл коридор» ачууну сунуштады. 

Жыйынтыгында Бахромжон Наркобилов сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине ыкчам киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Муса Жаманбаев ошондой эле комитеттин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM