Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда эгин чабык башталды

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 223 | 0

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында эгин чабык башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл облуста 26 миң 786 гектарга, анын 6093 гектарына күздүк, 20 миң 693 гектарына жаздык буудай себилген.

Жаздык буудай гектарына 28 центнерден айланууда.

Облустун өкүлчүлүгү жаз алдында дыйкандарга жакшы сорттогу, мол түшүм алына турган үрөн таратылганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM