Биз менен байланышыңыз

Парламент Жети-Өгүздөгү мөңгүлөргө араб лидерлеринин атын берүүнү колдоду

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 407 | 1

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган «Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө «шейх Заед бин Султан аль-Нахайян» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Долбоор боюнча баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев атты ыйгаруу үчүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын тургундары менен макулдашуу болгонун, алар колдоп бергенин белгиледи. Ошондой эле бул демилге Кыргызстан менен БАЭнин кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө максатында көтөрүлгөнүн билдирди.

Бир катар талаш-талкуулардан соң, долбоор добушка коюлуп, 67 депутат «макул» болуп, 5 депутат «каршы» чыкты.

Аны менен катар ушул эле топтомдо дагы бир Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө «Король Абдулазиз» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууда колдоо тапты.

1 пикир

1 пикир

  1. nemofishh@mail.ru

    09.06.2023 12:42

    Бул монгулорго ушул кунго чейин эмне учун ат берилбей келген? Аты жок канча монгубуз калды? Атын монгуго берууго татыктуу кыргызымдын ото коп улуу инсандары бар. Монгуго бугун араб атын берген чиновниктер эртен ошол монгуну ошол арабтарга сатып жибербесин..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM