Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында чайканадан өрт чыгып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, А.Нураков №1 көчөсүндөгү жалпы аянты 308 чарчы метрди түзгөн чайкана толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, таңкы саат 05:01де жалын толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсык катталган жерден куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы адамдардын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.