Биз менен байланышыңыз

Месси кайсы футбол клубуна өтөрү белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 461 | 0

Аргентиналык футболчу Лионель Месси кайсы футбол клубуна өтүп жатканын расмий жарыялады.

«Мен «Барселонага» кайтпайм, «Интер Майами» клубуна өтө турган болдум. Азыр бир-эки чечиле турган маселе бар, калганы дээрлик 100%га чечилди», — деп айтан Mundo Deportivo басылмасына берген маегинде.

«Интер Майами» футбол клубу АКШ менен Канаданын футбол лигаларынын системасынын жогорку дивизиону болгон Major League Soccer профессионал лигасында ойнойт. MSL жалпы 26 команданы камтып, чемпионаттын сезону март айынан октябрь айына чейин уланып, ар бир команда 34 беттеш өткөрөт.

Мессинин «Интер Майами» менен келишими үч жылга түзүлгөн. Келишимде футболчу эки сезонду өткөргөн соң, эркин агент катары кетүү укугу бар деп көрсөтүлгөн. Расмий кол коюу иш-чарасы 1-июлга пландалган.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдагы футбол сезонун франциялык «Париж-Сен-Жермен» футбол клубунда ойноп жыйынтыктады. 35 жаштагы футболчу клубдан эркин агент катары кетүүгө укуктуу болчу. Ага буга чейин «Барселона» футбол клубунан жана Сауд Аравиянын «Аль-Хиляль» клубунан сунуштар түшкөн. Саудиялыктар ага эки жылга 1,2 млрд евро төлөй турганын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM