Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат.
Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.